Бүгүн Бишкекте Динара Асановага арналган кинофестиваль  башталат

Автор

Бүгүн, 27-октябрда  Бишкекте кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанованын жаркын элесине арналган Qarash Lab кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль “Ала-Тоо” кинотеатрында саат 18:00дө ачылат. Ага чет элдик жана кыргызстандык кинематографисттер, искусство жана маданият ишмерлери, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин келери күтүлүүдө.

Ачылыш аземинде Динара Асанованын “Боз балдар” ретроспективдүү тасмасы көрсөтүлүп, андан соң кино тармагынын адистеринин талкуусу өтөт.

Фестивалдын программасы:

28-октябрь саат 19:00:

Казакстандык жаш режиссёр Айсултан Сейитовдун “Каш” тасмасынын бет ачары болот. Тасмадан кийин режиссёр жана кино адистери талкуулашат.

29-октябрь саат 19:00:

Режиссёр Далмира Тилепбергенова тарткан “Белек” көркөм тасмасынын бет ачары болот. Мындан кийин да кино тармагынын адистеринин талкуусу өтөт.

30-октябрь саат 15:00:

2022-жылы Канн кинофестивалынын “Особый взгляд” сыйлыгынын лауреаты режиссёр Матьё Вадпьед, сценарист Оливье Деманжель жана продюсер Омар Си тарткан “Ата-бала” тасмасы тартууланат. Тасмадан соң тасма жаратуучулар жана кино адистердин талкуусу болот.

Бардык тасмалар “Ала-Тоо” кинотеатрында көрсөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эммануэль Макрон Казакстан менен Өзбекстанга келет

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 1-ноябрда Казакстанга, 2-ноябрда Өзбекстанга барат. Сапардын жүрүшүндө лидерлер соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашат. Макрондун администрациясы Францияны Казакстан менен Өзбекстанга жакындатуу максаты экономикалык чөйрөдө, атап айтканда энергетика тармагында, маанилүү материалдарды жеткирүү, транспорт, саламаттыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн