Бүгүн, 18-январда Бишкектеги “Газпром” спорттук комплексинде дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалдык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг ;
Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг.