Бүгүн, 17-январда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайлардын кызматкерлери арасында “Ден соолук” спартакиадасы башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спартакиада спортту жайылтуу, сергек жашоого тартуу максатында уюштурулууда.
Спартакиаданын программасында төмөнкү спорттун түрлөрү бекитилген:
Футзал;
Стритбол;
Тогуз коргоол;
Стол теннис;
Волейбол;
Шахмат;
Ордо.
Акча чогулткан старосталар камалат! Ташиев студенттерге кайрылды
Жум Янв 17 , 2025