Бүгүн Бишкекте дагы 50 автобус линияга чыкты

Автор

Бишкекте кошумча 50 автобус линияга чыкты. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чаралар калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде графиктин сакталышын көзөмөлдөө жана автобустардын ортосундагы бекитилген интервалды – 7-8 мүнөт сактоо максатында көрүлдү.
Ыкчам маалыматка таянсак, бүгүн, 13-декабрда эртең менен борбор калаада 450 автобус жана 115 троллейбус ишке чыккан.
Жума ичинде дагы 60 автобусту линияга чыгаруу пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк Бишкек шаарындагы абанын булганышын жөнгө салууга 50 млн доллар насыя берет. Кечээ, финансы министри Бакыт Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын ортосунда тиешелүү макулдашууга кол коюлду. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, насыя 50 жылга берилерин жана каражат төмөнкү багыттарга жумшаларын белгиледи: жеке секторго жылуулук […]

Сизге жагышы мүмкүн