Бүгүн Бишкекте азык-түлүк жармаңкеси өтөт

Автор

26-27-октябрда Бишкектин борборунда социалдык маанидеги азык-түлүк жана эл керектөөчү товарлардын жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жармаңкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөржай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо жана айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Жармаңкеге айыл чарба продукциясын сатууну каалаган жеке ишкерлер чакырылат. Ошондой эле министрлик Кыргызстандын бардык дыйкандарынын продукциясын сатууга шарт түзөт.
Белгилей кетсек, жармаңке Түгөлбай ата көчөсүнүн боюнда, Эркиндик гүлбагынан тартып темир жол вокзалына чейин созулмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил Ирандагы аскердик буталарга сокку урду

ЦАХАЛ Израилге каршы Иран режими жүргүзүп жаткан «токтобой жаткан чабуулдарга» жооп катары «Ирандагы аскердик буталарга так сокку урду». Ирандын мамлекеттик телеканалы Тегерандын чет жагында катуу жарылуулар болгонун маалымдады. Жарылуулар Ирандын абадан коргонуу системасынын иштеши менен байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылууда. NBC News басылмасынын маалыматына ылайык, Израилдин буталары Тегерандагы казармалар жана […]

Сизге жагышы мүмкүн