Бүгүн Бишкектеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат

Автор

Бүгүн, 15-октябрдан тарта борбор калаадагы муниципалдык менчиктеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүлгөндөн кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары фонтандардын бассейндеринен сууну агызып, тазалоо иштерин башташат.
Анын ичинде «Ала Тоо» аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалайт, коргоочу конструкцияларды орнотот.
Эске сала кетсек, «Ала Тоо» аянтындагы фонтандар реконструкциядан кийин 2024-жылдын 21-сентябрында ачылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кудрет Тайчабаров кызматтан кетти

Кудрет Тайчабаров Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Тайчабаров ушул жылдын март айынан тарта аталган фондду жетектей баштаган. Ага чейин ал Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеген. Учурда Тайчабаровдун ордуна аталган фондго Кылычбек Рысалиев дайындалганы белгилүү болду. Ал буга чейин “Замандаш” саясий партиясынын кеңешинин […]

Сизге жагышы мүмкүн