Бүгүн Беларуста Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

Автор

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 24-27-октябрь күндөрү Минск шаарында (Беларусь) Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кыргыз-беларусь мамилелеринин тарыхында биринчи ирет болуп жатат.
Маданият күндөрүнүн программасында ар кандай маданий иш-чаралар каралган. Кыргыз кино күндөрү ачылып, көрүүчүлөр кыргыз режиссерлорунун заманбап фильмдерин көрө алышат.
Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын чагылдырган көркөм көргөзмө уюштурулат.
Иш-чарада илимий жана чыгармачылык интеллигенциянын форуму өткөрүлүп, эки өлкөнүн көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлери катышат. Программаны кыргыз искусствосунун устаттарынын гала-концерти жыйынтыктайт, ал Беларусь мамлекеттик филармониясында өтөт.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Беларусь мамлекетинин ортосунда маданий байланыштарды бекемдөөгө зор салым кошот.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский жаңжалды токтотуунун биринчи кадамын атады

Украина президенти Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураларга кол салууну токтотуу согуштун аякташына карай биринчи кадам болушу мүмкүн экенин айтты. «Биринчи саммит учурунда энергетикалык коопсуздук боюнча чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин көрдүк. Башкача айтканда, биз алардын энергетикалык инфраструктурасына кол салбайбыз, алар да биздин энергетикалык объектилерибизге кол салбайт. Мында согуштун ысык фазасынын аякташы […]

Сизге жагышы мүмкүн