Бүгүн Баткенде жер титирөө катталды

Автор

Баткен облусунун аймагында бүгүн саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Лейлек айылынан түндүккө карай 6 чакырым, Рават айылынан түндүн-батышка карай 8 чакырым, Катран айылынан түндүк-чыгышка карай 13 чакырым, Сүлүктү шаарынан чыгышка карай 45 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-батышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу пунктары – Лейлек, Рават, Кара-Суу, Коргон, Катран айылдарында 3,5 баллга жакын, Берик-Суу, Кызыл-Чарба айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто жаңы кичи райондор курулушу мүмкүн

Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов Оштун инфраструктурасын жакшыртуу жана жаңы кичи райондорду куруу максатын көздөп, Кытайлык Сычуань провинциясынан келген курулуш тармагынын өкүлдөрүн кабыл алды. Алар административдик-аймактык реформадан улам кошулган конуштарды өнүктүрүү жагын колго алууга кызыктар экендиктерин билдиришти. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, эки тараптуу жолугушууда жаңы кичи райондорду куруу боюнча да […]

Сизге жагышы мүмкүн