Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет.
Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
Түз эфир 11:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген.
Анда мамлекет башчысы шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашарын, аянты 4 миң гектарды түзөрүн айткан.