Бүгүн саат 21:00дө «Асман аба жолдору» авиакомпаниясынын экинчи учагы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, аймактарды байланыштырган аба каттамдарын жандандыруу максатында аэропорттор курулуп жатат. Алды ишке берилди.
«Аны менен катар мамлекет учактарды сатып алып, биринчиси каттамдарды аткарып жатат. Бүгүн, кечки саат 21:00дө экинчи учагыбыз келип конот. Сабыр кылып, мамлекеттин демилгесин кубаттап, ишенип турсаңыздар, алдынкы жылдарда мамлекеттик авиакомпаниябыздын дымактуу пландары бар, дагы өнүгөт. «Манас” аэропорту буга чейин кирешесине көзгө көрүнө турган кандай жумуштарды жасаганын эстей албайм, бирок акыркы жылдары кирешесин уурдатпай, өнүктүрүп, эскилерин оңдоп, жаңы самолетторду сатып алып жатат. Мамлекет эгемендик алган жылдардан бери иштеп кеткен жетекчилер жылына жок дегенде 1 учак сатып алса, учурда 30дай учагыбыз болмок экен. Тескерисинче “Кыргызстан аба жолдору” деген мамлекеттик авикомпанияны банкрот кылып, талкалап, талап-тоноп жок кылышкан. Ички каттамдарды аткарууга кийинки жылдын соңуна чейин дагы 2 учак келет. Мындан тышкары, “Asman Airlines” мамлекеттик компаниясынын эл аралык каттамдар үчүн эки даана чоң самолетторду алуу пландары бар», — деп жазды ал.