Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги реконструкцияланып жаткан «Ала-Тоо» аянтынын расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 18:00дө башталат. Анда эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өткөрүлөт.
Ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу жаңы, бийлеген от фонтандарынын ачылышы болот.
Эске салсак, борбордук аянт апрелден бери оңдолуп жатат.
Ише Сен 21 , 2024
22-23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгын ачып, Келечек саммити өтөт. Анда 130дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары «адамзат жана планета үчүн жакшы келечекти» камсыздоо жолдорун талкуулайт. Эл аралык коопсуздук жана чыр-чатактарды жөнгө салуу, санариптик өнүгүү, теңсиздик менен күрөшүү маселелери сөзгө алынары күтүлүүдө. Келечек саммити БУУнун башкы катчысы […]