Бүгүн Ала-Тоо аянтында башкы балаты жандырылат

Автор

Бүгүн, 14-декабрда «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи өтөт. Мэриядан билдиришкендей, башкы балатынын отун жандыруу 18:30да башталат жана быйыл Ала-Тоо аянты өзгөчө жасалгаланды.
Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.
«Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаңы жылдык майрамдардын башталышын бирге тосуу үчүн бул салтанаткан чакырат. Жомоктун жана сыйкырдын атмосферасын тартуулап, миңдеген чырактар жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаардын бардык тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот»,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик курулуш агенттигинде каржылык бузуулар аныкталды

Мамлекеттик курулуш агенттигинде каржылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, каржылык бузуулар Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында белгилүү болду. Эсептөө палатасы аудитте агенттиктин борбордук аппаратын, 8 ведомстволук бөлүмүн, 7 облустук капиталдык курулуш башкармалыгын жана […]

Сизге жагышы мүмкүн