Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык,оюн кечки саат 20:00дө башталат.
Эске салсак, 21-мартта Гаосюн шаарындагы «Наньцзы» стадионунда өткөн коноктогу мелдеште Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы 2-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган. Андагы голду Валерий Кичин менен Кай Мерк киргизген.