Бүгүн Ак калпак күнү

Автор

5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү 2011-жылы белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.
Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку сот шайлоо бюллетенинде Трамптын атын калтырууну чечти

АКШнын Жогорку Соту Колорадо сотунун экс-президент Дональд Трамптын бул штатта президенттикке ат салышуусуна тыюу салган чечимин жокко чыгарды. Бул чечим бүткүл өлкө боюнча колдонулат. Айрым штаттар мындан ары Трампка шайлоого катышууга тыюу сала алышпайт. «Колорадо штатынын Жогорку сотунун чечимин күчүндө калтырууга болбойт. Бул чечимге бардык тогуз судья макул”,-деп айтылат Жогорку […]

Сизге жагышы мүмкүн