Бүгүн “Акыркы коңгуроо”: Билим берүү министри бүтүрүүчүлөрдү куттуктады

Автор

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана ата-энелерди окуу жылынын аякташы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.
Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:
“Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучулар, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер!
Баарыңыздарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы, “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен чын дилимден куттуктайм!
Бүтүрүүчүлөргө билим жолунда багыт көрсөткөн мугалимдердин күжүрмөн аракетин, талыкпас эмгегин баса белгилеп, ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем!
Өлкө жетекчибиз Садыр Жапаров тарабынан балдарыбыздын жаркын келечегин түптөө үчүн чоң аракеттер, колдоолор жасалууда. Алсак, акыркы үч жылда 300дөн ашуун мектеп салынып, пайдаланууга берилди.
Алдыда мамлекет башчыбыздын чечкиндүү кадамдары менен билим берүү системасын чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Бардык аракеттер ар бир баланын татыктуу, заманбап билим алуусуна багытталууда.
Быйыл өлкө боюнча 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Бүгүн ар бир бүтүрүүчүгө кыялдарын жана максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген турмуштун жаңы барагы ачылып турат.
Силер – жаркын келечектин ээлери, жаратуучуларысыңар! Андыктан өлкөнүн жаратман, эмгекчил, билимдүү инсаны болгула!
Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!
Сапарыңар байсалдуу болуп, кыялдарыңар ишке ашсын!”

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандык ишканалар жаңы санкцияларга кабылды

Евробиримдик ирандык компанияларга жана чиновниктерге каршы санкцияларды киргизди Иран компаниялары Россияга учкучсуз учактарды жеткиргени үчүн санкцияларга кабылды. Евробиримдиктин өкмөттөрү Россияга Украинага каршы согушта колдонуп жаткан учкучсуз учактарды бергени үчүн санкциялардын тизмесине тогуз ирандык уюмду кошууга макул болду. COREPER деп аталган келишим Брюсселде Евробиримдиктин өкмөттөрүнүн элчилери ортосунда түзүлгөн. Бирок документ дагы […]

Сизге жагышы мүмкүн