Бүгүн Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.
Жумуш сапарынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Отурумда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету каралат.
Мындан тышкары, «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышуу жана «Белагро-2024″эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандагы президенттик шайлоого биринчи аял талапкер катталды

Ирандын экс-депутаты Зохре Элахиан президент Ибрагим Раиси учак кырсыгынан каза болгондон кийин дайындалган кезексиз президенттик шайлоого талапкер катары катталган биринчи аял болду. Шайлоо 28-июнда өтөт. «Үмүттүн күнү исламий Ирандын үстүнөн чыгат. Мен өз өлкөмдүн аялдар коомчулугунун өкүлү катары шайлоо штабына документтерди тапшырам», – деп жазган Элахян X тармагына. 3 күндүн […]

Сизге жагышы мүмкүн