Бүгүн , 21-ноябрда “Кыргызстан-Оман” беттеши болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.
Маалыматка ылайык, беттеш 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. Учурда кыргыз футболчулары атаандашына каршы оюнга даярдык көрүп, Канттагы «Спорт Сити» комплексинин оюн талааларында машыкты.
Оюн бүгүн саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына кирген.
Эскерте кетсек, 16-ноябрда Кыргызстан менен Малайзиянын Куала-Лумпурдагы беттеши 3:4 эсебинде жыйынтыкталып, “Ак шумкарлар” жеңилүү ызаасын тарткан.