Бүгүн Айпери Медет кызы  Олимпиадага жолдомо үчүн  күрөшөт

Автор

Бүгүн, 19-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кыз Айпери Медет кызы күрөшөт.

Айпери Медет кызы таймашты квалификациялык айлампадан баштап, биринчи атаандашы румыниялык Каталина Аксенте болот. Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы күрөшкөн 76 кг салмак олимпиадалык болгондуктан, ал дүйнө чемпионатын жеңүүгө гана эмес, Олимпиадага лицензия алууга аракет кылат.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Анемия деген эмне?

Анемия – кандагы эритроциттердин жана гемоглобиндин санынын азайышы менен мүнөздөлүүчү патологиялык абал (босого деңгээл – кандагы темир камтыган белоктун (гемоглобин) 120 г/лден аз деңгээли). Бул көз карандысыз оору болушу мүмкүн же башка оорулардын жүрүшүн коштоп же аларды татаалдаштырат. Бул спецификалык эмес симптомдор менен пайда болот – бул аз кандуулук экенин […]

Сизге жагышы мүмкүн