Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 12-апрелде Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында беттешке чыгат.
Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетова менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.