Бүгүн Азия Кубогу башталат

Автор

Бүгүн, 12-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катышуусу менен 2023-жылкы Азия Кубогу башталат. Турнирге төрт командадан алты тайпага бөлүнгөн 24 улуттук курама катышат.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир тайпадан эки мыкты команда, ошондой эле 3-орунду ээлегендердин ичинен 4 мыкты команда чыгат. Плей-офф баскычында командалар жогоруда көрсөтүлгөн схемага ылайык ойношот.
10-февралда Кубок үчүн финалдык – чечүүчү беттеши орун алат.
Кыргызстандын улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган, Таиланд, Сауд Аравия, Оман курамалары менен кез келет.
Эске салсак, Азия Кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катардын 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Россияга жаңы санкцияларды киргизди

АКШ Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган документке ылайык, тизмеге бир жеке адам, эки компания жана үч учак киргизилген. Чектөөлөргө «224-өзүнчө авиациялык отряд» ААКнын башкы директору Владимир Михейчик, Ашуулук полигону жана алдыңкы аскердик илимий-изилдөө комплекси киргени белгиленген. Санкциялар үч учакка да тиешелүү. Алар RF-78757, RF-82011 жана RF-86898 […]

Сизге жагышы мүмкүн