Бүгүндөн тарта TikTok тармагы жабылды

Автор

Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына чектөө киргизилди.
«Мега», «Билайн» жана «О» мобилдик операторлорунда аталган социалдык тармак түнкү 00:00дөн баштап ачылбай жатат.
Бирок уюлдук байланыш компаниялар азырынча бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.
Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги аталган тармакты 18-апрелден тарта бөгөттөө талабын байланыш операторлорго жөнөткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бейпилдик күчтөрүнүн чыгарылышын Баку менен Москва макулдашкан

Орус бейпилдик күчтөрүн Тоолуу Карабактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу боюнча чечимди Россия менен Азербайжандын жогорку жетекчилиги кабыл алды. Бул тууралуу Азербайжан президентинин жардамчысы, анын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев билдирди. Кремль 17-апрелде аскерлер чыгарыла баштаганын жарыялады. «Процесс башталды, Азербайжан менен Россиянын коргоо министрликтери бул чечимди ишке ашыруу үчүн тийиштүү […]

Сизге жагышы мүмкүн