Бүгүндөн тарта Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт

Автор

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 11-октябрда түштөн кийин жана 12-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
13-октябрда айрым жерлерде жаан нөшөрлөп жаайт. Абанын температурасынын төмөндөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
14-16-октябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метр, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Догдуркүл Кендирбаеваны депутат сынга алды

“Берген жоопторуңузга мен канаттана албайм. Реалдуу жашоодо таптакыр башкача. Даярдыгы жок туруп, реформа баштап алдыңыз, азыр акыбал жаман болуп жатат. Мектептерде китеп жок, 1-6-класска чейин сиз койгон талап боюнча шарттары жок. 5 жашар балдарды мектепке алып барыш үчүн алардын уктоочу жайы жок”,- деп билдирди Надира Нарматова билим берүү министрин сынга […]

Сизге жагышы мүмкүн