Бүгүндөн баштап Кыргызстанда катуу суук болот

Автор

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 22-23-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
23-январда күндүз жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -19…-24°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, Кара-Буура районунда -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12°, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Байдендин 78 жарлыгын жана меморандумун жокко чыгарды

АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришип, Вашингтондогу Capital One стадионунда тарапташтарынын алдында алгачкы тогуз жарлыкка кол койду. Биринчи кол коюлган жарлыктардын арасында экс-президент Жо Байдендин учурунда кабыл алынган 78 чечимдин жокко чыгарылышы, ошондой эле АКШнын Париж келишиминен чыгуу чечими бар. Дональд Трамптын алгачкы буйруктарынын катарында: Федералдык өкмөттүн ишине толук көзөмөл […]

You May Like