Бүгүндөн  баштап Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү сатыла баштайт

Автор

Бүгүн, 7-октябрдан тарта Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү сатыла баштайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Кара алтын Дэн Сяопин проспектиси, 306 дарегинде жайгашкан көмүр базасында сатылат. Бир тоннасы 4,7 миң сом болот.

«Жакынкы күндөрү дагы төрт көмүр базасынын ачылышы күтүлүүдө», — деп белгилешти мекемеден.

Бөлүшүү:
Next Post

Криминалга катуу чараларды колдонгон мыйзамдар керек

“Биз УКМК төрагасына криминалга катуу чараларды колдонгон мыйзамдарды кабыл алып беришибиз керек. Криминалдар Грузияда 5 жыл, Орусияда 7-8 жыл жаза тартат. Бизде бул 15-20 жыл болушу керек”,- деп билдирди саясат талдоочу Алмаз Тажыбай. “Айрым атагы чыккан крим төбөлдөр “мен бул чөйрөдөн кеткемин же, кетем”,- сыяктуу сүйлөп жатканы менен алардын андай […]

Сизге жагышы мүмкүн