Бюджет 10 млрд долларга көтөрүлөт

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түштүктөгү эл менен болгон жолугушууларынын биринде мамлекеттик казына 10 млрд долларга чейин көтөрүлөөрүн билдирди.
“Мамлекет жарандарына толук кам көрөт. Акчабыз бар, Кудайга шүгүр. Доллар менен айтканда, учурда 7 млрд болсо, мындан ары 10 млрддан ашат. Мурдагыдай тоноп алуу, уурдап, чөнтөккө салуу болбойт”,- деди.
“Кыргызстан ынтымак менен гана тез өнүгөт. Биз бир регионду өнүктүрүп, башкаларын калтырып койбойбуз. Баарын тегиз өнүктүрөбүз. Биз элибиздин оңолушун гана максат кылганбыз, башка максатыбыз жок”,- деп айтты атайын кызматтын төрагасы. Ал Садыр Жапаров баштаган бийликтин келгенине 4 жыл болгонун эске салуу менен өлкөдөгү өзгөрүүлөргө элдин көңүлүн бурду. Айрым саясатчылар окшоп, сагызгандай сайрабай иш жүзүндө көрсөтүп жатышкандарын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Түштүк Африкада аял киши суукка урунуп көз жумду

Өткөн дем алышта Түштүк Африкада катуу кар жаап, 39 жаштагы аял таксиде суукка урунуп көз жумду. Такси жолдо тыгында калып, аял киши эс-учун жоготкон. Ал Йоханнесбургдан Квазулу-Наталга бараткан. Медициналык кызматтын маалыматы боюнча, дарыгерлер аялды ооруканага алып барган, бирок ал жолдо көз жумган. Жергиликтүү бийлик окуяга өкүнүч билдирип, айдоочуларды сак болууга […]

Сизге жагышы мүмкүн