Бычакчан адам супермаркетте үч адамды өлтүрдү

Автор

Шанхай шаарында бир адам супермаркеттеги кардарларга бычак менен кол салды. Окуяда үч киши каза болуп, 15 адам жаракат алды. Алгачкы иликтөөлөргө ылайык, кылмышка жеке каржылык кыйынчылыктар себеп болгон. Ал адам кармалды.
Окуя 30-сентябрда болгон. Полиция кызматкерлери чакыруу түшкөн жерге тез арада жетип, кол салууга шектелген 37 жаштагы Линь аттуу кишини кармашкан.
Жалпысынан бычактан жаракат алган он сегиз киши ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө каза болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 18-22-октябрь күндөрү Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Россияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө бир нече […]

Сизге жагышы мүмкүн