Былтыр кыргыз жарандыгын алууга 23 миңден ашуун адам кайрылган

Автор

2024-жылы 23 миңден ашуун жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу үчун арыз тапшырган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Калкты каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бекзат Ибраимов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 23 миңден ашуун арыз түшкөн, бирок анын ичинен миңден ашуун гана Орусиянын жаранына берилген.
Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан келген этникалык кыргыздар болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде шахтада калган жаран куткарылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта кулап, кен казуучу уран астында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, окуя болгон жерге тез арада жети куткаруучу жөнөтүлүп, дагы алты куткаруучу тартылган. «Куткаруучулардын ыкчам аракетинин аркасында шахтер аман-эсен чыгарылды. Ал тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат […]

You May Like