Быйыл 9-классты 128 миң, 11-классты 73 миң окуучу аяктайт

Автор

“Билим берүү жана илим министрлиги жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет”,- деген маалымат таратты. Бул үчүн акча талап кылынбайт. Ал эмес директорлор же, башка жактар акча талап кылууга укугу жок.
“2024-жылдан тарта министрлик тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди санариптештирүү башталды. Учурда өлкө боюнча 10 мектепке апробация жүргүзүлүп жатат: 7 облусттан 1ден мектеп, 2 республикалык деңгээлдеги шаардан 1 ден мектеп жана 1 жеке менчик мектеп.
Ошондой эле электрондук аттестаттарды жана күбөлүктөрдү толтуруу боюнча ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине семинарлар өткөрүлдү”,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Беелгилей кетсек, 2023-2024-окуу жылында 9-класстын 128.000 ал эми 11-класстын 73 миң бүтүрүүчүсү аттестат алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Айбек Осмоновдун чындыгы

Кечээ айрым ММКлар депутат Айбек Осмонов боюнча жалган маалымат таратып, аны өлкөдөн чыгып кетти деп жазып чыгышты. Маалым болгондой, депутаттын тарапташтары соцтармактар аркылуу жооп кайтарышып, маалыматты төгүндөштү. Ал эми Маданбек Таалайбек аттуу ФБ колдонуучу “достор, Айбек Осмоновту жакындан тааныган адам катары социалдык түйүндөрдө ар кандай фейктердин жазгандарына бир аз болсо […]

Сизге жагышы мүмкүн