Быйыл 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду

Автор

Кыргызстан жыл башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сегиз айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон.
Ал эми өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон.
Алтын төмөнкү өлкөлөргө экспорттолду:
Улуу Британия — 5 тонна 891,1 килограмм;
Гонконг- 1 тонна 848,5 килограмм;
Швейцария — 971,5 килограмм;
БАЭ — 13,5 килограмм.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар кайрадан футбол талаасына кайтты

Бразилиялык чабуулчу Неймар Сауд Аравиянын “Аль-Хилал” командасынын кезектеги беттешинде оюн талаасына кайтып келет. Атактуу футболчу бир жылдан бери ойной элек. Бүгүн, 21-октябрда Сауд Арабиянын клубу Азия чемпиондор лигасынын алкагында БАЭнин “Аль-Айн” командасы менен конокто ойнойт. Неймар бул оюнга “Аль-Хилалдын” курамына кирген. “Кимдир бирөө кайтып келди. Мен даярмын. Сиздин толкунданып жатканыңызды […]

Сизге жагышы мүмкүн