Быйыл 6060 киши ажылык сапарга аттанат

Автор

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев баш болгон Муфтияттын айрым кызматкерлери Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен жолугушуп кайтышты.
Белгилүү болгондой, быйылкы жылы Кыргыз жарандары үчүн  6060 квота бөлүндү. Бадир Ал-Сулами “2024-жылы ыйык Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүн тейлөөдө 17 мекеме (муассаса) иш алып барат”,-деген.
«Быйыл расмий 6060 квота берилди. Буюрса Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев менен макулдашып, кошумча дагы квота сурап жатабыз. Эң негизгиси ажылыкка жакшы даярдык көрүүнүн аракетинде бир катар жолугушууларды өткөрүүдөбүз»,-делет муфтият тараткан маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирзиёев түрк өлкөлөрүн Палестинанын көз карандысыздыгын колдоого чакырды

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү зарылчылыгы боюнча принципиалдуу позициясын билдирүүсү керектигин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди. “Палестина элинин эгемендүү мамлекет түзүүгө укугу бар. Биздин уюмдун алкагында бул маселе боюнча бир добуштан принципиалдуу позициябызды бүткүл дүйнөгө жарыялообуз керек”,-деди Мирзиёев саммитте сүйлөп жатып. Анын баамында, Палестина-Израиль чатагынын өтө […]

Сизге жагышы мүмкүн