2023-жылдын ноябрь айына карата 20,2 миллиард сом салык чогултулганы белгилүү болду. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматы таратты.
Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 5 миллиард сомго көп. Акыркы 10 жылда салыктык жыйымдар 6 эсеге өстү.
— 2009-жыл – 1,7 млрд сом;
— 2010-жыл. – 1,8 млрд сом;
— 2011-жыл – 2,7 млрд сом;
— 2012-жыл – 3,3 млрд сом;
— 2022-жыл. – 15,3 млрд сом;
— 2023-жыл – 20,2 млрд сом.
«Бул цифралар салык системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын салыктык башкаруунун сапатына оң таасирин тийгизгендигин көрсөтүп турат», — деген Салык кызматы тараткан билдирүүдө.