Быйыл 20га жакын футболдук объект курулат

Автор

Быйыл 20га жакын футболдук объект курулат жана реконструкцияланат Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде стадиондорду куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйынында айтылды.
Спорттук мекемеден билдиришкендей, жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, биримдиктин президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле курулуш долбоорлору боюнча иш алып барган уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Токмок, Нарын, Талас, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Токтогул жана Сокулук районундагы стадиондордун курулушунун жана реконструкциясынын учурдагы абалы каралды. Катышуучулар курулуш иштери, графиктер, долбоорлордун аткарылышы жана келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды талкуулады.
Ошондой эле каржылоо, логистиканы жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Бул жылы 20га жакын объекттин курулушу жана реконструкциясы пландалууда.
Долбоорлор спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталып, региондордо спорт менен машыгуу үчүн заманбап шарттарды түзүүдө, анын ичинде улуттук жана эл аралык турнилерди уюштурууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү:
Next Post

22-январга карата аба ырайы

Эртең, 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана […]

You May Like