Быйыл 1200дөн ашуун этникалык кыргызга “кайрылман” макамы берилди

Автор

Жыл башынан бери 1200дөн ашуун этникалык кыргызга “кайрылман” макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, учурда тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын жашоо шарттын жакшыртуу боюнча максатка ылайык иштер аткарылууда.
“2024-жылдын 1-декабрына карата башка өлкөлөрдөн келген 1210 этникалык кыргызга “кайрылман” макамы ыйгарылды. Ушул жылдын август айында 12 турак жай курулуп бүтүп, 19 үй-бүлөгө берилди. Ошондой эле быйыл Афганистандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилип, 755 адамга жардам көрсөтүлдү”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаңы жылдык азык-түлүк жарманкеси уланууда

Бүгүн, 28-декабрда жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке 31-декабрга чейин уланат. Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн