Быйыл 114 миң гектар аянтта зыяндуу чегирткелер жок кылынды

Автор

Кыргызстанда жыл башынан бери 113,8 миң га аянтта зыяндуу чегирткелер жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик зыяндуу чегирткелер жыл сайын республиканын айыл чарбасына, экономикасына, социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч туудуруп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келерин белгилейт.

2024-жылдын 8 айында жалпы республика боюнча зыяндуу чегирткелерге каршы изилдөө иштери 146 449 га жүргүзүлдү. Алардын ичинен химиялык иштетүүлөр 113 754 га, аянтында жүргүзүлгөн.

Облустар боюнча:

– Жалал-Абад облусу боюнча 44 550 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 30 320 гектар, анын 30 320 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;

– Баткен облусу боюнча 24 760 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 21 000 гектар, анын 21000 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;

– Чүй облусу боюнча 26 109 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 19 509 гектар, анын 19434 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;

– Ош облусу боюнча 15 570 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 13 300 гектар, анын 13 300 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;

– Нарын облусу боюнча 32 660 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 27 600 гектар, анын 27600 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;

– Талас облусу боюнча 2800 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 2100 гектар, анын 2100 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.

2024-жылы зыяндуу чегирткелердин санынын көбөйүшү, жылуу аба ырайы алар үчүн жагымдуу шарттарды түзгөндүгүнө байланыштуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте "Балама жомок" аттуу китеп жарманкеси өтөт

31-августта саат 14:00дө Бишкек шаарындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында “Балама жомок” аттуу китеп жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын алкагында сынактар, табышмак-викторина, презентация жана мастер-класстар уюштурулат. Иш-чарада кыргыз тилинде кызыктуу, иллюстрациялуу, сапаттуу китептерди балдарга тил үйрөнүүдө, дүйнө таанымын кеңейтүүдө, ой жүгүртүүлөрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн