2023-жылы 105 мектептин курулушу аяктап, 18 мектеп оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Анын ичинен:
Чүй облусу боюнча 14 мектеп;
Баткен облусу – 16 мектеп;
Жалал-Абад облусу – 22 мектеп;
Ысык-Көл облусу – 13 мектеп;
Нарын облусу – 6 мектеп;
Ош облусу – 25 мектеп;
Талас облусу – 9 мектеп.
Мындан тышкары, 18 мектеп оңдоп-түзөөдөн өттү.
Чүй облусу боюнча 2 мектеп;
Баткен облусу – 2 мектеп;
Жалал-Абад облусу – 2 мектеп;
Ысык-Көл облусу – 4 мектеп;
Нарын облусу – 1 мектеп;
Ош облусу – 6 мектеп;
Талас облусу – 1 мектеп.
Айта кетсек, акыркы үч жылда өлкө боюнча 214 жаңы мектеп салынган. Андан тышкары быйыл Чолпон-Ата шаарында «Акылман» Президенттик лицейи ачылган.