Быйыл 10 миллионго жакын турист келет

Автор

Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын турист келет. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчысы “Ысык-Көлдүн четиндеги пансионаттардын ээлери канализацияларын оңдобой жатышат. Жолдору да начар, оңдогула десек, оңдошбойт. Ошон үчүн туристтер келбей жатат. Быйыл 10 млн турист келет деп күтүп жатабыз, Кудайга шүгүр деп айтыш керек”,- деди.
Ал депутат Нуржигит Кадырбековдун “түшүнөм, акча керек, карызды төлөп, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу зарыл. Бирок, көлдүн четиндеги пансионаттар уран казылса, турист келбей калат деп коркуп жатышат”,- деген суроосуна жооп берип жатып, Дубайда жалган маалымат тараткандар 130 миң доллар жаза төлөшө турганын билдирди.
“2050-жылга биздин ИДПнын көлөмү 20 млрд доллар болот. Бирок, айрым өлкөлөр бизди биротоло жоголуп кетсин деген үчүн туура эмес маалыматтарды таратып жатышат. Мындан ары биз андайга жол бербейбиз”,- деди минкаб төрагасы.

Бөлүшүү:
Next Post

Миң-Куштагы окуяга Акылбек Жапаров жооп берди

Миң-Куштагы окуя боюнча бүгүн,13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жооп берди. Миң -Куштагы кулаган автоунаанын чоо – жайына депутат Мирлан Самыйкожо кызыгып, ичинде эмне бар эле деп сурады. Көптөн бери оппозициянын куралына айланган бул кырсык боюнча Акылбек Жапаров жооп берип жатып, “ал жерде үстү герметикалык зат […]

Сизге жагышы мүмкүн