Быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери басылып чыгат

Автор

Быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп. 2022-жылы 123 миң китеп басылган.

«Басылган китептер бекитилген графикте мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштайт»,-деп билдиришти министрликтен.

Бөлүшүү:
Next Post

Селден бир нече адам көз жумду

Стамбулда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир нече адам каза болгонун түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги кеминде эки жаран каза болуп, бешөө жарадар болгонун билдирди. Шаардын түндүк тарабында суу көчөлөрдү, үйлөрдү каптады.  Эң көп жабыркаган аймактар ​​Башакшехир жана Арнавуткөй.  Жолдорду суу каптап, транспорт токтоп, токтоп […]

Сизге жагышы мүмкүн