Быйыл үч айда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү

Автор

Кыргызстанда чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2024-жылдын январь-март айларына карата 34 миң 46 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11% га көп. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,3% га жогорулады.
Орточо айлык эмгек акынын өсүшү дүң жана чекене соода чөйрөсүндө, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоодо 39,4% га өскөн.
Тейлөө ишинде 41,7% га, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи чийки затты алуу чөйрөсүндө 32,8% га жогорулаган.
Курулушта 32,6% га, пайдалуу кендерди казып алууда 26% га, кесиптик, илимий жана техникалык иште 22,8%.
Кыймылсыз мүлк менен алектенгендердин айлык акысы 22% га, ошондой эле транспорттук иште жана жүктөрдү сактоодо 21,4% га өсүш байкалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Харьковдо абал оор экени айтылды

Харьков облусунда кырдаал курчуп кеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди. Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү аймактагы позициясын сактап калууга аракет кылууда, бирок кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Орус армиясы Украинанын аймагына терең кирүү максатында бир нече багытта активдүү чабуул жасоодо. Катуу коргонуу салгылашуулары жүрүп жатат. Чалгындоо, артиллериялык, учкучсуз системалардын […]

Сизге жагышы мүмкүн