Быйыл Сибирь ЖОЖдоруна Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынды

Автор

2024-2025-окуу жылына карата Сибирь жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынып, алардын ичинен 195и бюджеттик окутуу формасына өткөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Омск жана Томск шаарларындагы ардактуу консулдарынын жардамы менен ишке ашкан.
Кыргызстандык абитуриенттер Сибирдеги төмөнкү жогорку окуу жайларга тапшырышты:
Томск жогорку окуу жайлары – Сибирь мамлекеттик медициналык университети – 12 студент, Томск мамлекеттик университети-105 студент (“Единство” коомдук фондунун көмөгү менен); Томск политехникалык университети – 3 студент жана Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети – 22 студент;
Омск жогорку окуу жайлары – Омск мамлекеттик медициналык университети – 4 студент, Омск мамлекеттик техникалык университети – 16 студент;
Новосибирск жогорку окуу жайлары – Новосибирск мамлекеттик техникалык университети – 30 студент, Сибирь Мамлекеттик байланыш жолдору университети – 2 студент жана Сибирь мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университети – 5 студент.
Белгилей кетсек, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү кызматташтыгын бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн алкагында КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан 2023-2024 жана 2024-2025-окуу жылдарына 428 абитуриентке Сибирь жогорку окуу жайларына тапшырууга көмөк көрсөтүлгөн, алардын ичинен 398 абитуриент бюджеттик окуу формасына кабыл алынган

Бөлүшүү:
Next Post

Башыңыз ооруганда хижама кылса болобу?

Хиджама кылуу көптөгөн ооруларды дарылоо үчүн сунушталат. Бул жерде хижама эффективдүү боло турган кээ бир көрсөткүчтөрдү сунуштайбыз: Белдин, моюндун, муундардын жана булчуңдардын оорушуна айрыкча ыңгайлуу болот. Хижама бездерди, өзгөчө гипофиз безин стимулдайт. Кээде нервдерге басым жасаган кан тамырлардын бүтөлүп, шишип калышынан пайда болгон нервдердин басымын басаңдатат. Хиджама көгөргөн жерлерди, шишиктерди […]

Сизге жагышы мүмкүн