Ушул жылдын 5 айында Ош облусуна республикалык бюджеттен 485,7 млн сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Жалпы каражаттын ичинен:
— Теңдөөчү трансферт- 386,7 млн сом;
— Ыйгарым укуктарды берүүгө — 29,4 млн сом;
— Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына — 12,3 млн сом;
— Башкы план -55,3 млн сом (калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууга).
— Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздарга жардам катары) — 2,0 млн сом каралган.