Быйыл Кыргызстанда “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт

Автор

Быйыл Кыргызстанда “Өлбөс полк” жүрүшү өткөрүлбөйт. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен “Өлбөс полк” жүрүшүн өткөрбөө чечими кабыл алынган.
“ИИМ Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында адамдар көп топтолгон жерлерде укук тартибин бузуу жана кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алууга жана болтурбоого багытталган чаралардын комплексин көрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги жарандарды коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун алтымыштай ардагери калды. Эки жыл мурда алардын саны жүздүн тегерегинде болчу.
Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толот.

Бөлүшүү:
Next Post

Султан Раев партия лидерин сыйлады

Түрксой уюмунун башкы катчысы Султан Раев Түркиядагы Улуттук аракет партиясынын лидери (MHP) Девлет Бахчелини “Ахмед Жевад” атындагы даңк медалы менен сыйлады. Сыйлоо аземине Ахмед Жеваддын үй- бүлө мүчөлөрү Нижат Эмируулу Гулиев, Анар Ахунзаде, Мехин Бану Гулиева жана Йылмаз Ахунзаделер катышышты. Түрк дүнүйөсүнүн белгилүү акыны, Азербайжан улуттук гимнинин автору Ахмед Жевад […]

Сизге жагышы мүмкүн