Быйыл Кыргызстанда кайсы жолдор оңдолору айтылды

Автор

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликтин 2025-жылга карата иш пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу ал Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл жазында башталат.
Андан тышкары, быйылкы жылга жол оңдоо багытында пландалган иштер төмөнкүлөр:
Бишкек – Ош жолунун Суусамыр (100 км) тилкесин оңдоо;
Ош – Баткен – Раззаков (28 км) жолунун калган бөлүгүн куруу;
Лебединовка ГЭС 5 жолун реконструкциялоо;
Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык ремонттон өткөрүү;
Ысык-Көл айланма автожолун (Барскон-Каракол участогу, узундугу 75,2 км) реконструкциялоо;
Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун талап кылынган участкасын реконструкциялоо.
Ошондой эле быйыл маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге автожолдорду оңдоого, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды чогултуп, жол фондуна түшкөн каражаттардын эсебинен өлкөбүздүн ички жолдорун оңдоо иштерин аткарууну министрлик пландаштырууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн мугалимдерге ноутбуктар бериле баштайт

Бүгүн, 20-январдан тартып мугалимдерге ноутбуктар бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процесси башталды. Технопарктын директору Касымбек Келебаев эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшканын билдирди. Билим берүү жана […]

You May Like