2023-жылы Кыргызстанга 10 миллионго чейин турист келиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Маданият министрлигинин Туризм департаментинин директору Самат Шатманов билдирди.
Шатмановдун айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу 45%га көп. Былтыр өлкөгө 6.9 млн турист келген. Бирок бул бир гана чет элдик коноктордун саныбы же бул Кыргызстанда эс алгандардын жалпы саныбы, тактаган жок.
«Бизде 50гө жакын мамлекеттик курорттук-санаториялык мекемелер бар. Коронавирустук пандемиядан кийин дарылоочу жана ден соолукту чыңдоочу туризм калыбына келтирилди. Биз Ысык-Көл облусун өнүктүрүү стратегиясын иштеп жатабыз», — деди
Мындан тышкары «Биз бул багытта өнөктөштөр менен иштеп жатабыз, 25 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттерди бөлүү каралып жатат.Мен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, эксперттер менен жолугуштум. Жакында ишти баштайбыз», — деп кошумчалады Шатманов.