Ушул жылдын январынан сентябрына чейин өлкөгө түз чет элдик инвестициянын көлөмү 654,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча лидерлер Түркия (341,6 миллион доллар), Кытай (326 миллион доллар) жана Орусия (145 миллион доллар) болгон. Бирок, быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасына 157,8 миллион доллар инвестиция салган Кытай биринчи орунду ээлесе, андан кийин 131.7 млн доллар менен Орусия жана 54.9 млн доллар Казакстан турат.
Чет элдик инвестицияларды тартуучу негизги тармактарга тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, соода жана байланыш тармактары кирет.