2024-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, январдан сентябрга чейин өлкөгө 2 миллион 380 миң чет элдик келди.
Өткөн жылы алардын саны 2 миллион 250 миң болчу. Өсүү – 14,5 пайызды түзөт. Комитеттен белгилешкендей, туристтердин саны жыл сайын жогорулап келет.
Шар Дек 11 , 2024
АКШнын Каржы министрлиги Украинага 20 миллиард доллар өлчөмүндө кредит берүү тууралуу жарыялады. Анын төлөнүшү тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешелердин эсебинен жүргүзүлөт. Июнь айында G7 мамлекеттери 2024-жылдын аягына чейин Украинага тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешелердин эсебинен 50 миллиард доллар бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Украинада согуштук аракеттер башталгандан кийин Евробиримдик, […]