Быйыл Кыргызстанга канча турист келгендиги айтылды

Автор

Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстанга 7 миллион турист келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистан Республикасындагы элчиси Авазбек Атаханов Исламабад шаарында эл аралык Пакистан туроператорлору менен жолугушуусунда айтты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Авазбек Атаханов анда Кыргызстандын туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңири баяндап берген.
Жолугушууга 18 эл аралык туроператорлор катышып, алар Кыргызстанга ишкер сапар менен жана эс алуу үчүн келүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Министрлер кайда? Париж, Бостондо...

“Эдил Байсалов кайда? Ал Парижде болсо керек. Алымкадыр авамчы? Ал дагы Париждеби? Өкмөттүн мүчөлөрү кайда жүрүшөт? Ылдый түшкүлө!” – деди депутат Балбак Түлөбаев. Бүгүн, 14-октябрдагы комитет жыйынында депутаттар министрлерге издөө салды. Социалдык тармакта реформанын жок экендиги, иштин жүрбөй жаткандыгы айтылды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Министр учурда Түп районунда оорукана […]

Сизге жагышы мүмкүн