2024 – жылдын 11 айынын ичинде кайсы азык-түлүктөр кымбаттаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылга караганда, быйыл тамак-аштын баасы 5,4%га кымбаттаган.
Статкомдун жетекчилеринин айтымында, быйыл эт, картошка, туз, майлуу быштак, каймак май, кондитердик таттуулар, балык, манка уну, жогорку сорттогу ун, күрүч, сырлар, пастерленген сүт жана өсүмдүк майы кымбаттаган.
Ал эми гречка, жаңы бышкан жашылча-жемиштер, куюп сатылган сүт, жумуртка жана пахта майы арзандаганы айтылат.
Баалардын өскөндүгү Кыргызстандын бардык аймактарында болгон, бирок башка жактарга караганда, Ысык-Көлдө баалар өзгөчө кымбаттаганы байкалган.