Быйыл жол эрежесин бузуудан 525 млн сом өндүрүлдү

Автор

Кыргызстанда 10 айда жол эрежелерин бузуудан мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 10 айдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду.
Анда жыл башынан тартып жалпысынан 890 миң 461 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлгөнү айтылды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80 млн момго көп.
Алардын ичинен:
мас абалында унаа башкарган – 11 миң 265;
ылдамдыкты ашырып айдаган – 165 миң 162;
терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар – 2948;
тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 19 миң 396;
автоээнбаштык кылган – 444;
жол белгилерине баш ийбеген – 428 миң 72;
коопсуздук курун тагынбаган – 109 миң 870 айдоочу аныкталган;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 миң 400 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюулуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди.
Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Ишкердин соту 26-ноябрда каралат

Түрмөдө жаткан ишкер Имамидин Ташов №31 дарылоо мекемесинен Бишкектеги №1 тергөө абагына которулганы белгилүү болду. Ишкер жактоочусу менен жолукканда кыйноого алынганы боюнча жазган арызына Аскер прокуратурасы чара көрбөй жатканын билдирген. “Ташовдун айтымында, Аскер прокуратурасынан эки тергөөчү келген. Бири Ташовдун тергөө абагында өзүн кескилегени боюнча, экинчиси анын Башкы прокуратурага жазган арызы […]

Сизге жагышы мүмкүн