Быйыл жол кырсыгынан 80ден ашык адам каза болду

Автор

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан каза болгондордун саны 24,1% азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейинки аралыкта өлкө боюнча 1 173 жол кырсыгы катталган. Андан 1 миң 673 адам жабыркап, 82 киши каза болгон. Мында жабыркагандар боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5%, ал эми каза болгондор боюнча 24,1% азайган.
Жыл башынан бери жашы жете электердин катышуусунда 245 жол-транспорт кырсыгы катталган, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 15,2% кыскарган.
Жабыркагандардын саны 23,5%га, каза болгондордун көрсөткүчү 35,7%га төмөндөгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФА футболчуларды аныктоонун жаңы системасын сунуштады

Кыргыз футболдук союзунун президенти Камчыбек Ташиев ФИФАнын аймактык техникалык директору Гайоз Дарсазде жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча адиси Ричард Аллен менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун башкы максаты өлкөдөгү футболду өнүктүрүү пландарын талкуулоо болду. Коноктор ФИФАнын футболду глобалдуу өнүгүшү боюнча максаттарын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргызстандагы […]

Сизге жагышы мүмкүн