“Газпром Кыргызстандын ” башчысы Болот Абилдаевге “Даңк” орденин эмнеге бердиңер? Же, кышта газды өчүрүп, элди үшүтсүнбү”,- деди депутат Жеңиш Токторбаев министрлер кабинетине. “Быйыл газ тартыш, кыш оор болот деп жатышат. Көмүр кандай болот, жетиштүү деңгээлде барбы, жакшылап текшериңиз. Газ, свет, көмүр тартыш болуп калса, президент жана генерал иштей албай жатышат деген сөзгө калтырасыңар”,- деп айтты депутат министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаевге.